Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:33

Ташкенде Индия менен Пакистанды ШКУга мүчөлүккө кабыл алуу талкууланат


Ташкен.
Ташкен.

Бүгүн Өзбекстандын борбору Ташкен шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун Тышкы иштер министрлеринин жыйыны башталат. Ага Кыргызстандын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев катышат. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жыйында Ташкенде июнь айында өтчү ШКУга мүчө өлкөлөрдүн президенттеринин жыйынына даярдык жана күн тартиби талкууланат. Ошондой эле Шанхай кызматташык уюмунун ишмердигин кеңейтүү жана Пакистан, Индиянын толук кандуу мүчөлүккө кабыл алуу маселелери каралат.

ШКУга быйыл Өзбекстан төрагалык кылып жатат. Нооруздун алдында Аксыдагы Үңкүр-Тоо аймагына Өзбекстан аскерий техникасын жайгаштырып, абал чыңалган кезде Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев Ташкендеги ШКУ саммитине катышпай калышы мүмкүндүгүн эскерткен.(BkA)

XS
SM
MD
LG