Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:36

Ирак армиясы Фалуджа шаарын согушкерлерден бошотууга даярданууда


Ирак.
Ирак.

Ирак премьер-министри Хайдар аль-Абади өлкө аскерлери Фалуджа шаарын “Ислам мамлекети” террорчул тобунун согушкерлеринин бошотуу боюнча операция баштап жатканын жарыялады. Ирак лидери бул тууралуу 22-май кечинде теле кайрылуусунда айтып чыкты. Кайрылууда премьер Абади “Ислам мамлекети” террорчул тобуна каршы ирак күчтөрүнүн “улуу жеңиши” жакындап келатканын белгиледи. Ирак армиясы даярдалып жаткан операцияга байланыштуу бул шаардагы жайкын тургундарды өз үйлөрүн таштап чыгып кетүүгө чакырды.

Өлкө борбору Багдаддан 65 чакырым алыстыктагы Фалуджа шаарын “Ислам мамлекети” тобу 2014-жылы ээлеп, азыркы кезге чейин согушкерлер үчүн маанилүү шаар бойдон калууда. Муну менен катар согушкерлер өлкөдөгү экинчи чоң шаар делген Мосул баш болгон бир катар аймактарды ээлеп турат.

Бирок Ирак армиясы согушкерлерден бошотуу боюнча операция жүргүзүп, жакында Анбар провинциясына танапташ жайгашкан Рутба шаарын бошоткон эле.

XS
SM
MD
LG