Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:09

Австриядагы президенттик шайлоодо жеңүүчү аныктала элек


Президенттик шайлоодогу үгүт баракчалары, Вена
Президенттик шайлоодогу үгүт баракчалары, Вена

Австриядагы жекшембиде өткөн президенттик шайлоонун экинчи турунда жеңүүчү аныктала элек. Шайлоо бюллетендеринин 98 пайызга жакыны эсептелип бүтүп калды. Алдын ала жыйынтыктарга караганда, ультра-оңчулардын лидери Норберт Хофер менен Жашылдар партиясынын мурунку лидери Александер Ван дер Беллен экөө тең 50 пайызга жакын добуш алышты.

Акыркы жыйынтыктар бүгүн белгилүү болот.

Президенттик шайлоо кампаниясынын жүрүшүндө негизги тема миграциялык кризис болгон. Эгер ультра-оңчулардын лидери Норберт Хофер президенттикке шайланса, Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдүн ичинен оңчул саясатка ыктаган жалгыз президент болушу мүмкүн.

Бирок Австрияда президенттин ыйгарым укуктары чектелгендиктен, эксперттер жалпы саясатка олуттуу таасир эте албасын айтып келишет.

XS
SM
MD
LG