Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:59

Лейлекте селдин чыгымы эсептеле баштады


Сел.
Сел.

Лейлек районунун Сумбула айылындагы бир катар жер тилкелери жана ички каттамдар 22-майда жүргөн селден зыян тартты. Бул тууралуу Сумбула айыл аймагынын башчысынын орун басары Сайпидин Өмүрзаков "Азаттыкка" билдирди.

Мындан тышкары райондун борбору Исфана шаарында Чимген, Самат айылдары аркылуу өткөн Исфанасай каналдарынан суу ташып, 4-5 баш бодо малды агызып кеткен. Исфана шаарына кире берген жердеги көпүрөнүн бир тарабын сел алып, кооптуу абалга келди. Азыр эл андан айланып өтүүдө. Сел бузган жерлерди калыбына келтирүү иштери башталды, келтирилген чыгымдар эсептелип жатат. (NT/JsA)

XS
SM
MD
LG