Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:03

Жогорку Кеӊеште айыл өкмөт башчысын тикелей шайлоо сунушталууда


Шайлоо
Шайлоо

Парламенттин бюджет жана каржы боюнча комитети бүгүн Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоолор жөнүндөгү мыйзам долбооруна сунушталган өзгөртүүлөрдү талкуулады. Демилгечи депутат Кенжебек Бокоев айыл өкмөт башчыларын тике шайлоо ыкмасын киргизүү демилгесин көтөрүп, муну менен элдин аларга болгон ишенимин арттырса боло турганын билдирди. Анын пикиринде, айыл өкмөт башчыларын түз шайлоо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын коррупциядан, кылмыштуу жетекчилерден тазалоого көмөктөшөт. Бокоев жергиликтүү эл көп учурда айыл өкмөт башчысына талапкерлерди билбегендиктен, азыркы системага нааразы болуп жатканын айтууда. ​

Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлү Жеӊиш Акматов комитет жыйынында бул маселелер БШК мүчөлөрүнүн арасында да кызуу талкууланып жатканын билдирди. Депутаттар арасында бул сунушка каршы чыккандар да болду. Эл өкүлү Мурадыл Мадеминов айыл өкмөт башчыларын түз шайлоо жергиликтүү тургундардын уруу-урууга бөлүнүшүнө алып келиши мүмкүндүгүн белгиледи. Жыйынтыгында комитет мүчөлөрү өкмөттүн мыйзам долбоору боюнча пикирин угуп, документти эки жумадан кийин кайра карамай болушту. Азыр мыйзам боюнча айыл өкмөт башчыларын жергиликтүү кеңештин депутаттары шайлайт. (NT)

XS
SM
MD
LG