Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:24

Сауд өнүктүрүү фонду 16 мектеп курууга каражат бөлөт


Кыргызстандагы мектептердин бири

Кыргызстандагы мектептердин бири

Жогорку Кеӊештин бюджет жана каржы боюнча комитети өкмөт менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы Мамлекеттик мектептердин курулушун каржылоо жөнүндөгү макулдашуунун долбоорун жактырды. Ага ылайык, аталган фонд Кыргызстанда мектептердин курулушу үчүн 25 жылдык мөөнөт менен 2,1 млрд сом жеӊилдетилген насыя бөлөт. Бул каражатка 2019-жылга чейин өлкөнүн ар кайсы аймактарында 16 мектеп салынат. Анын экөө Бишкек шаарында курулмакчы. Калган мектептердин тизмесин өкмөт аныктайт. (NT)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG