Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:40

Обама: АКШ Вьетнамга курал сатуу эмбаргосун толук алып салды


Обаманын Вьетнамга иш сапары.
Обаманын Вьетнамга иш сапары.

23-майда Ханойдо сүйлөгөн сөзүндө АКШ президенти Барак Обама, ондогон жылдар бою сакталып келген эмбаргону толук алып салуу “согушкан эки өлкөнүн мамилесин” нормалдаштыруу жана “кансыз согуштун калдыктарын жоюу” деп билдирди.

Кошмо Штаттардын Вьетнамга курал сатууга тыюу салган чектөөлөрү жарым-жартылай 2014-жылы алынган эле. Барак Обама Вьетнамга сапары кубаттанып келаткан Кытай шартында Азия регионунда мамилелерди “балансташтыруу” максатын көздөйт.

Обаманын сапарынын алдында Кытайдын Синьхуа расмий маалымат агенттиги АКШ менен Вьетнамдын мамилесинин жакшыруусу “үчүнчү мамлекеттин стратегиялык кызыкчылыктарына доо кетирбеши зарыл жана коркунуч келтирбеш керек” деп жазды. (AiT)

XS
SM
MD
LG