Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:47

Стамбулда Дүйнөлүк биринчи гуманитардык саммит өтүүдө


23-майда Стамбулда башталган саммитке 60тай өлкөнүн лидерлери катышууда.

23-майда Стамбулда башталган саммитке 60тай өлкөнүн лидерлери катышууда.

Бириккен Улуттар Уюмунун алкагында өтө турган саммитте глобалдык кризистерди кандай чечүү маселеси талкууланат. 23-майда Стамбулда башталган саммитке 60тай өлкөнүн лидерлери катышат. Алар ар кандай чатактарда жана табийгий кырсыктар учурунда адамдардын талаптарын кандайча канааттандыруу жолдорун карашат. Учурда дүйнө жүзү боюнча 60 миллиондой адам орун которууга мажбур болсо, 125 миллиондой адам жардамга, колдоого муктаж. Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган саммитти өз өлкөсүнө жардам алууга пайдаланат деген пикирлер айтылууда. Түркияда учурда 3 миллионго жакын сириялык качкын бар.

Ири мамлекеттер жана гуманитардык жардам көрсөтүүчү уюмдар качкындарга жардамын көбөйтөрүн маалымдап келишет. Бирок мындай гуманитардык маселелерди чечүүгө бөлүнгөн каражат аз экени айтылып жүрөт. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG