Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:37

Эрдогандын пикирлеши Түркиянын өкмөт башчылыгына шайланды


Бинали Ыйылдырым. Анкара, 19-май, 2016-жыл.

Бинали Ыйылдырым. Анкара, 19-май, 2016-жыл.

Түркиянын бийликтеги Акыйкат жана өнүгүү партиясы өз лидерлигине Бинали Йылдырымды шайлады. Ал буга чейин Түркиянын транспорт жана коммуникация министри болуп келген жана АК партияны түптөөчүлөрдүн бири катары саналат. Йылдырым Ахмед Давутоглунун ордуна премьер-министр болду. Давутоглу президент Эрдоган менен пикир келишпестиктерге байланыштуу кызматтан кеткен эле.

22-майда болгон партиянын курултайындагы кайрылуусунда Йылдырым анын өкмөтүнүн артыкчылык берген багыты президенттик башкарууга алып келе турган конституциялык реформа жүргүзүү болорун жарыялады. Мына ушул маселе Давутоглунун эки жума мурун кызматтан кетүүсүнө себеп болгон жагдай катары айтылган. Жаңы өкмөт башчы ошондой эле ДАИШ ("Ислам мамлекети" экстремисттик уюму) жана күрт жоочуларына каршы антитеррордук операция Түркиянын өзүндө жана Сирияда улантыларын белгиледи. Президент Эрдоган Йылдырымга жаңы өкмөт куроо мандатын бүгүн берери күтүлүүдө. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG