Теракттар президент Башар Асаддын көзөмөлүндө турган шаарларда болду. 23-майдагы теракттар үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” деп аталган террордук топ алды.
Британияда жайгашкан Сирия адам укуктары уюму Жер Ортолук деңизинин жээгиндеги Тартус шаарында үч жардыруу болгонун маалымдады. Бул шаарда Орусиянын аскердик-деңиз объекттери жайгаштырылган. Жээктеги Жаблех шаарында да төрт жардыруу болду. Жети жардыруунун кээ бирин жанкечтилер жасаганы кабарланууда. Мамлекеттик SANA теракттар Тартустагы автобус станциясы жана Жаблехде оорукана, жарандык объекттерге багытталганын кабарлады. Бул эки шаар жарандык согуш тутанган Сирияда салыштырмалуу тынч болчу.
2011-жылдын март айынан бери жүрүп жаткан согушта 270 миңдей адам өлдү. АКШ жана Орусиянын ортомчулугу астында тынчтык сүйлөшүүлөр согушту токтотууга алып келе элек. (AiT)