Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:30

Индия көп ирет колдонулуучу космос кемесин сынады


Индия 2013-жылы да Марска орбиталдык аппарат учурган.
Индия 2013-жылы да Марска орбиталдык аппарат учурган.

Сыноону ийгиликтүү өткөрүү менен Индия көп ирет колдонулуучу космостук кемелерди жасоочу өлкөлөрдүн жарышына кошулду. Индиянын космостук кемеси-шатлл жүктөлгөн ракета 23-майда Андхра-Прадеш штатынан көтөрүлүп, 70 чакырым бийиктикте кемени учурду. Индиянын космосту иликтөө уюму шатлл кайра келип конгонун билдирди. Салмагы 1.75 тонна келген шатлл акыркы беш жылдан бери даярдалган. Ага 14 млн доллар жумшалган. Индия 2013-жылы Марска орбиталдык аппарат учурган. Көп ирет колдонулчу космикалык кемелер космосту иликтөөгө жумшалган чыгымдарды бир топ кыскартат. (AiT)

XS
SM
MD
LG