Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:33

Нарын: кооптуу аймактан жети үй-бүлө көчпөй жатат


Тоо арасындагы үй.
Тоо арасындагы үй.

Нарын облусунда жер көчкү жана таш кулашы мүмкүн деген аймактарда жашаган жети үй-бүлө коопсуз жакка көчпөй жатат. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлүнүн басма сөз катчысы Айнура Дүйшөк кызы билдирди. Анын айтымында, бул үй-бүлөлөргө мамлекеттен акчалай жардам берилген. Бирок алар эскертүүлөргө көңүл бурбай келишет.

Жалпысынан 2002-жылдан бери кооптуу аймактарда жашаган 7060 жаранга жардам берилип, коопсуз жайларга көчүрүлгөн, ал эми 2482 жаран кезекте турат. Нарын облусунда жалпы 331 кооптуу аймак бар. (MiK)

XS
SM
MD
LG