Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:00

Нарымбаев: менин күнөөм далилденген жок


Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев

Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев

Бишкек шаардык сотунда президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев менен парламенттин экс-депутаты Хажимурат Коркмазовдун соту уланууда. Бүгүн сот тараптардын жарыш сөзүн угууга киришти. Жараян учурунда Данияр Нарымбаев да, Хажимурат Коркмазов да күнөөсүз экендигин айтышты. Нарымбаев менен Коркмазовдун адвокаттары аларды актоону, прокурор жазаны катаалдаштырууну сурап жатат.

Өткөн жараяндарда Коркмазов Назгүл Түлеевадан 50 миң доллар алып, Нарымбаевге бергенин билдирген. Данияр Нарымбаев бул айтылгандарды четке каккан. Ал иш бөлмөсүн тинтүү учурунда акча табылбаганын жүйө келтирүүдө.

Президенттик аппараттын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаев Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеев камакта жаткан кезде анын кызынан 200 миң доллар пара талап кылган, ал эми Хажимурат Коркмазов бул иште ортомчулук кылган деп айыпталышууда.

Биринчи Май райондук соту аларга тагылган коррупция, кызмат абалынан пайдалануу деген айыптарды кыскартып, көз боёмочулук деген күнөө менен Нарымбаевди 3, ал эми Коркмазовду 1,5 жылга эркинен ажыраткан эле. (NT)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG