Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:54

Жети-Өгүздө окуучунун өлүмү боюнча иликтөө башталды


Ички иштер министрлиги билдиргендей, Жети-Өгүз районунда экскурсия учурундагы капилет кырсыктан окуучу кыз набыт болду.

Маалыматка караганда, 21-майда жергиликтүү мектептин 5-классынын окуучулары мугалимдин коштоосунда тоого чыгышкан. Ал жакта сууга түшүп кеткен топту алам деген кыз жээктен тайгаланып, агып кеткен.

Кызды дарыядан чыгарышып, алгачкы медициналык жардам берилгенине карабай, ал өзүнө келбей көз жумган.

Бул боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, иликтөө жүрүүдө. (NT)

XS
SM
MD
LG