Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:38

Бишкектин райондор аралык соту Кумтөр кениндеги экологиялык эрежелердин сакталбашы боюнча Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын доосун канааттандырды. Мындай чечимди аталган сот бүгүн кабыл алды.

Маалыматка ылайык, экотехинспекция жалпысынан төрт иш боюнча “Кумтөр Оперейтинг компаниден” экологиялык нормаларды сактабастан айлана-чөйрөгө келтирген чыгымы боюнча 7 миллиард сом талап кылган. Бүгүн сот ошол арыздардын бирин канааттандырып, “Кумтөр Оперейтинг компанини” 663 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирди. Калган үч иш боюнча сот иши уланмакчы.

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция “Кумтөр Оперейтинг компани” "кенди казууда калдыктарды муздун үстүнө таштаган", "жер катмарын бузган", "эсепке алынбаган уу заттарды калдык сактоочу жайга төккөн" жана "суу үчүн акы төлөгөн эмес" деген төрт доо менен сотко кайрылган.

“Кумтөр Оперейтинг компани" бул доолорго макул болбой келет. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG