Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:43

Казак бийлигин сестенткен митинг


21-май, Алматы
21-май, Алматы

Казак бийлиги нааразылык митингге катышкан жүздөгөн жаранды камакка алды, ондогон эркин маалымат сайттары жабылды. Бирок элди күч менен тарата берүүнүн кесепети эмнеге алып келет?

Энтигип деми жетпей жатканына карабай мекен тууралуу ырдаган айымды бир нече казак полициясы колун кайрып, участокко мажбурлап алып кетишти. 21-майдагы нааразылык акцияда камалгандардын арасынан 48и укук коргоочулар менен журналисттер болуп чыкты. Укук коргоочу Гүлнара Жуспаева:

- Полиция нааразылыкка чыккан активисттерди, тургундарды укук коргоочуларды жада калса журналисттерди да кармап кетишти. Мен ММК өкүлдөрүнүн кармалышын биринчи жолу көрүп жатам. Митингге журналисттердин тиешеси жок да. Алар болгону өз милдетин аткарып жатышкан. Журналисттерди кармоо алардын кесиптик ишмердигине тоскоолдук кылуу да.

Казак бийлиги советтик ыкмага салып, митинг болот экен деген имиштин алдынан активисттерди камай берсе, диалогго барбаса, социалдык көйгөйлөрдү чечпесе, азыркы митингдерден эл шыктанып, канат алып кетиши мүмкүн.
Галым Бокаш

Бейрасмий маалыматтарга караганда, 21-майда Алматы калаасында нааразылыкка чыккандардын саны үч миңге жеткен. Аларды ар кайсы тараптан чогулуп келатканда эле бетине чүмбөт кийген куралчан полиция жолун тороп, качкандарын артынан кууп кармап, машинелерге салып кетип жаткан ондогон видеолор интернетке тарады.

Азырынча казак бийлиги 21-майда канча адам кармалганы тууралуу маалыматты ачыкка чыгара элек. Бирок жергиликтүү маалымат булактары ондогон адамдардын кармалганы тууралуу жазып жатышат. Митинг болгонго чейинки бир апта ичинде ондогон активисттер алдын ала камакка алынган эле. Азыр болсо өлкөдөгү бир нече маалымат сайттар эч кандай эскертүүсүз жабылып калган. "Азаттыктын" казак кызматынын журналисти Галым Бокаш бийлик ушул ыкманы колдоно берсе нааразылык ырбап, акциялар бүт өлкөгө жайылып кетиши мүмкүн деп эсептейт.

- Азыр 2011-жыл эмес. 2011-жылы мунайчылар митингге чыкканда Казакстанда абал башкача эле. Азыр элдин маанайы өзгөргөн. Бийлик кан төгүлүп кетишинен чочуганы көрүнүп турат. Бул жакшы жышаан. Бирок полиция балдарды, аялдарды, журналист, укук коргоочуларды же такыр эле митингге тиешеси жок адамдарды кармап кеткени осол иш болду. Мындан ары бийлик советтик ыкмага салып, митинг болот экен деген имиштин алдынан активисттерди камай берсе, диалогго барбаса, социалдык көйгөйлөрдү чечпесе, азыркы митингдерден эл шыктанып, канат алып кетиши мүмкүн. Анда өлкөдө үлкөн нааразылыктарга жол ачылышы ыктымал.

Казак полициясынын операциясы
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:02 0:00

Жергиликтүү жана чет элдик байкоочулар жер реформасына нааразы адамдар митингге чыгат деп күтүлгөн ишемби күнү чынында акция катышуучуларына караганда аларды мыкты куралданып күтүп турган полиция жана башка аскер адамдары көп болгонун белгилешет. Бийликтегилер “коркконго кош көрүнөт” болуп, көчөдө бараткан адамдарды да кармап кетип, документтерин тактагандан кийин кайра бошоткону кабарланып жатты.

Бул арада Алматыдагы нааразылык митингине катышкан бир журналисттин соттолгону кабарланды. 21-май күнү жердин чет элдиктерге сатылышына каршы митинг уюштурду деген айып менен ондогон киши соттолуп, ар кандай жазага тартылды.

Соттор ишембиден жекшембиге караган түнү саат он экиге чейин иштеп, нааразылыкка чыккандардын көбүн административдик жазага тартты. Маселен, Алматы шаар соту жарандык активист Рысбек Сарсенбай менен жана Маржан Аспандияровага 42 миң теңге өлчөмүндө айып пул салган.

Павлодарда кармалган активист Серикбай Алибаевди сот 102 миң теңге айыппулга жыгып, дагы бир нече кишиге эскертүү берилди.

Ушундай эле сот иштери өлкөнүн Астана, Атырау, Чымкент жана башка ири шаарларында да болгону кабарланууда. Полиция дүйшөмбү күнү да Алматы жана Атырау шаарларындагы борбордук аянттарды катуу көзөмөлгө алып турду.

Казакстандын эгемен тарыхында эң ири митинг катары 2011-жылы мунайчылардын нааразылыгы катталган. Өткөн ишембидеги акция өлкөдөгү бийликке ичи чыкпагандардын башын кошкон ири акциялардын экинчиси болуп калды.

XS
SM
MD
LG