Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:51

Сириядагы жардыруудан 150гө жакын адам мерт болду


Сирия.
Сирия.

Сириянын Жабла жана Тартус аймактарындагы жардыруулардан 150гө чукул адам мерт болуп, 200дөн ашууну жараат алды.

Жардыруулар президент Башар Асаддын армиясы көзөмөлдөгөн орус аскер күчтөрү жайгашкан аймакка жакын жерде орун алды. Жардыруу үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” террорчул тобу өзүнө алды.

Сирия адам укугу боюнча байкоо уюму беш террорчу-жанкечти жардырган теракттарда 148 адам ажал тапканын жарыялады. Алар дүрмөттөлгөн автоунааларды жардырышкан.

Сириядагы мамлекеттик маалымат каражаттары болсо өкмөттүк күчтөр көзөмөлдөгөн аймакта 78 адам набыт болгонун кабарлады.

Мындай жардыруулар орус деңиз күчтөрү жайгашкан Тартус аймагында жана орус аба күчтөрүнүн жанындагы Латакия аймагынын борбору Жаблада биринчи жолу катталууда.

Орус бийликтери Сириядагы ок атуу боюнча келишимин токтотуу боюнча Женева сүйлөшүүлөрүн улантуу зарылдыгын билдирди. Быйылкы жылдын 27-февралында жетишилген тынчтык келишими апрелде бузулуп, ок атуулар улантылып жатат.

XS
SM
MD
LG