Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:30

АКШ Сириянын Латакия провинциясы жана Тартус шаарындагы жардырууларды кескин айыптады.

Бул аймактардагы автобустук станция жана ооруканалардагы “жырткычтык менен ишке ашырылган жардырууларда ондогон адамдар набыт болду", деп айтылат Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаментинин маалымат кызматынын өкүлү Марк Тонердин билдирүүсүндө.

АКШ Башар Асаддын күчтөрүн Алеппо жана Дарие шаарларына чыңалууну жоюу жана гуманитардык жүктү жеткирүүгө тоскоол болбоого чакырды.

Ошондой эле Мамлекеттик департаменттин билдирүүсүндө жайкын адамдардын өмүрүн алган соккуларды токтотуу үчүн Башар Асаддын режимине таасир этүүдө Орусиянын өзгөчө жоопкерчилиги бар экени белгиленген. Ошондуктан АКШ Орусияны Башар Асадды тынчтык келишимин сактоого көндүрүүгө чакырды.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG