Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:13

Казакстандыктар маданият министри үчүн кечирим сурады


Казакстандын Маданият жана спорт министри Арыстанбек Мухамедиулы.
Казакстандын Маданият жана спорт министри Арыстанбек Мухамедиулы.

Казакстандык бир катар коомдук ишмерлер Маданият жана спорт министри Арыстанбек Мухамедиулынын айткандары үчүн кыргызстандыктардан кечирим сурады. Бул тууралуу казак сайттары жазып чыгышты.

"Ар бир айткандары күлкү менен коштолгон министрдин кечээги жыйындагы билдирүүсү да коомдо кызуу талкууланып жатат. Бул жолу кыргыз элинин да, өкмөтүнүн да кыжырына тие турган сөздөрдү айтты. Кыргыз боордоштордун алдында министрдин мындай кеби үчүн кечирим сурайбыз. Маданияты жок министрлер да болот экен", - деп айтылат "Болотхан Тайжан" фондунун президенти Муктар Тайжан, коомдук ишмер Аян Шерипбаев жана КТК каналынын мурдагы жетекчиси Арман Шораев, кайрымдуулук менен алектенген Аружан Саиндин билдирүүсүндө.

Казакстандын маданият жана спорт министри Арыстанбек Мухамедиулы 23-майдагы жыйын учурунда Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы тууралуу айтып жатып, Орусияда кыргызстандык кыздар даараткана тазалап жүргөнү жашыруун эместигин, алар мекенинде жумуш жок болгондуктан, сыртта иштөөгө мажбур экенин, муну Айтматов мурун эле билип эскерткенин айткан болчу. (NT)

XS
SM
MD
LG