Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:18

Жогорку Кеңеште паспорт жаңжалы талкууланууда


Иллюстрация
Иллюстрация

Парламенттин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети бүгүн Стамбулда 98 уйгурдун кыргыз паспорту менен кармалганына байланышкан маселени талкуулап жатат. Депутаттардын суроолоруна мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Тайырбек Сарпашев, Башкы прокурордун орун басары Кылычбек Токтогулов жооп берүүдө.

Тайырбек Сарпашев бул паспорттордун чыныгы ээлери Кыргызстанда экенин, 17 документ Кара-Суу районунда, 47си Өзгөндө, 25и Сузакта, калганы Кадамжай менен Оштон аныкталганын билдирди. Анын айтымында, шылуундар Умрага акысыз жолдомо ойнотулат деген шылтоо менен бул паспортторду топтоп алып, керектүү маалыматтарды көчүрүп алгандан кийин лотереядан утпай калдыңар деп кайра ээлерине кайтарып беришкен.

Андан кийин шылуундар жасалма паспорт даярдашып, уйгурлардын сүрөттөрүн жармаштырганын кошумчалады Сарпашев.

17-майда Стамбулдагы Ататүрк аэропортунан Жиддага учуп жаткан маалда кыргызстандык паспорт менен 98 кытайлык уйгур кармалган болчу. (NT)

XS
SM
MD
LG