Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:25

Паспорт чырында мурда соттолгон Сайдуллаевдин ысымы аталууда


Стамбулдан жасалма паспорт боюнча кармалган төрт жарандын бири 44 жаштагы Ахмадилла Сайдуллаев экени белгилүү болду. Ал мурда да жасалма паспорт даярдаганы үчүн соттолуп чыккан. Мындай маалыматтар бүгүн парламенттин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин жыйынында айтылды. УКМКнын өкүлү жыйында билдиргендей, Сайдуллаев азыр кармалган үч жаран менен кошо Түркияда. Ага паспортту мыйзамсыз даярдаган деген негиз менен буга чейин бир нече жолу иш козголуп, анын жасалма документ жасоо менен алектенгени аныкталган. 2008-жылы Болот Назарбаевдин атына жасалма паспорт жасап, 2011-жылы аны үч жолу колдонгон. 2013-жылы бул факты боюнча иш ачылып, Ош шаардык соту ага 5 миң сом айыппул салган.

Эки жыл мурун Кытайдын жети жараны кыргыз паспорту менен Гуанчжоудон Түркияга өтүүгө аракеттенген. Бул иш боюнча Халматов аттуу Кыргызстандын жараны кармалып, Кытай милициясы тергөө учурунда анын артында Сайдуллаев турганын аныктап, эл аралык издөө жарыяланган.

Быйыл 30-апрелде Ош-Стамбул аба каттамынын жүргүнчүлөрүн каттоо учурунда дагы бир адам жасалма тогуз паспорт менен кармалын, анын да Сайдуллаевге катышы бардыгы ачыкка чыккан.

УКМКнын маалыматы боюнча, Сайдуллаевдин тобу быйыл жалпысынан 107 жасалма паспорт даярдаган. Анын тогузу Оштун, 98и Стамбулдун аэропортунан табылды. (NT)

XS
SM
MD
LG