Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:14

Идомени лагериндеги качкындар көчүрүлө баштады


Греция бийлиги Македония менен чек арадагы эң ири качкындар лагери – Идоменини эвакуациялай баштады. 200дөй полициячы чөлкөмгө жолдорду тороп турат, бирок грек өкмөтүнүн мигранттар кризиси боюнча расмий өкүлү Гиоргос Кирицис тартип коргоочулар күч колдонушпайт деп ырастады. 8 400дөй бозгун баш калкалап келген лагерди көчүрүү иши он күнгө созулмакчы. Бийликтин айтымында, эл акырындап жаңыдан бүткөрүлгөн атайын жайга жайгаштырылат. Журналисттер Идомениге киргизилген жок.

Балкан жана Европа өлкөлөрү өз чек араларын жаап салгандан бери Грецияда 54 миңге чукул качкын топтолуп калган. Негизинен Түркия аркылуу келген бозгундардын көбү согуш жүрүп жаткан Сирия, Ирак жана Ооганстандан. Грециядан баш паанек ала албагандар Түркияга кайтарылмакчы.

Өткөн жылдан бери Европага 1 миллиондон көп мигрант ооп келген.

XS
SM
MD
LG