Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:02

Эртең Жогорку Кеңеш жалпы жыйынында жасалма паспорт боюнча маселени талкуулайт. Мындай чечимди бүгүн эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук комитети кабыл алды. Аталган комитеттин төрагасы, депутат Алмазбек Батырбековдун "Азаттыкка" билдиришинче, бүгүн УКМК, Ички иштер, Тышкы иштер министрликтери, Чек ара, Мамлекеттик каттоо кызматтарынын өкүлдөрү жасалма паспортко байланышкан иликтөөнүн жүрүшү тууралуу маалымат беришти. Жыйынтыгында депутаттар маселени эртең жалпы жыйынга алып чыкмай болушту.

17-майда Стамбулдагы Ататүрк аэропортунан Сауд Арабиянын Жидда шаарына жөнөп жаткан учурда кыргызстандык паспорт менен 98 кытайлык уйгур кармалган. Жасалма паспорт жасаган деген шек менен Кыргызстандын төрт жараны колго түшкөн. (NT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG