Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:40

Франция "кара тизмедеги" орусиялык министрге виза берди


Александр Ткачев
Александр Ткачев

Франция Евробиримдиктин “кара тизмесине" камтылган Орусиянын айыл чарба министри Александр Ткачевго виза берди.

Москва Крым жарым аралын аннексиялап алгандан кийин киргизилген санкциянын алкагында тизмеге илинген министрге эмне себептен виза берилгени азырынча белгисиз. Министр Жаныбарлардын саламаттыгын коргогон эл аралык уюмдун Парижде өтүп жаткан ассамблеясына орус делегациясын баштап келген. Январ айында Германия Ткачевго виза берүүдөн баш тарткан.

Франциядагы айрым саясатчылар Орусияга каршы санкцияларды алууну колдоп келишет. Өткөн айда француз парламентинин төмөнкү палатасы социалисттер өкмөтүнүн сунушуна карабай, Москвага каршы санкцияларды алуу үчүн добуш беришкен. Бирок ал чечим аткарылууга милдеттүү эмес. Министр Ткачевдун ысымы "кара тизмеге" ал Краснодар аймагын жетектеп турган кезде, 2014-жылдын орто ченинде кошулган. Ошондо губернатор аннексияланган жарым аралдын жетекчилиги тарабынан “Крымды бошотууга кошкон салымы” деген медалы менен сыйланган.

XS
SM
MD
LG