Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:20

Ошто тоо-кен тармагындагы чатактарды азайтуу боюнча жыйын өтүүдө


Бүгүн Ош шаарында өтүп жаткан улуттук экинчи жыйын “Тоо-кен тармагындагы чыр-чатактарды азайтуу» деп аталат. Аны Мамлекеттик геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттиги Германия эл аралык кызматташтык коому менен биргеликте уюштурган. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз катчысы Рыспек Токтоналиев билдирди.

Жыйынга жергиликтүү бийлик, парламент, Экономика министрлиги жана башка мекемелердин, кен иштетүү менен алектенген компаниялардын өкүлдөрү, Геология агенттигинин жетекчиси Дүйшөнбек Зилалиев катышууда. Анда жергиликтүү эл менен иштешүүнүн жолдору ортого салынып, тоо-кен тармагындагы компаниялар чыр-чатактарды чечүү боюнча сунуштарын беришти.

Кен иштетүүнүн социалдык-экономикалык пайдасы жана айлана-чөйрөнү коргоо маселелери да каралууда. Соңунда эл менен өкмөттүн, кен иштеткен компаниялардын ортосундагы түшүнбөстүктөрдүн алдын алуу жолдору иштелип чыгып, атайын резолюция кабыл алынат. (NT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG