Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:34

Тегеран АКШда туруктуу жашаган активистти камаганын алгачкы жолу расмий моюнга алды. Иран тышкы иштер министрилигинин маалымат катчысы Иран Ливандын жараны Низар Закканын ишин “ыкчам чечүүгө аракеттенет” деп билдирди. Интернеттин эркиндиги жаатында иштеп келген Закка өткөн сентябрда Тегеранда өкмөт уюштурган конференциядан кийин дайынсыз болуп жаткан. Ага кандай айып тагылганы расмий айтылбаганы менен, Ирандын маалымат каражаттары аны "америкалык тыңчы" деп атап келишкен. Закканын жакындары бул дооматты четке кагышууда.

"Ассошиейтед пресстин" маалыматы боюнча Закка АКШ өкмөтүнөн 730 миң доллар грант алган коммерциялык эмес уюмду жетектейт. Үй-бүлөсү анын АКШ менен байланыштары үчүн камалганын, Тегеранга Мамлекеттик департаметтин жактыруусу менен кеткенин ырастап, Вашингтонду чара көрүүгө үндөп жатат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG