Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:07

Нарымбаев менен Коркмазов сотто акыркы сөздөрүн айтышты


Нарымбаев менен Коркмазов.
Нарымбаев менен Коркмазов.

Бүгүн Бишкек шаардык сотунда президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев жана Жогорку Кеңештин экс-депутаты Хажимурат Коркмазовдун үстүнөн сот иши уланып, айыпталуучуларга соңку сөз берилди. Данияр Нарымбаев өзүнүн күнөөсүз экенин ырастап, прокуратура тергөөнү бурмалаганын, ал эми судьялар бул иштин курмандыгы болгонун, сот тармагы дале реформага муктаж экенин билдирди. Өзүнө козголгон кылмыш ишинин артында "таасирдүү фигура" турарын, анын ким экенин кийинчерээк жарыялай турганын кошумчалап, сот жараянын тынымсыз чагылдырып, тергөөгө жардам бергени үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарына, президентке, УКМКга ыраазы экенин айтты.

Хажимурат Коркмазов бул иште ортомчу гана болгонун белгилеп, соттон өзүн актоону өтүндү. Азыр ишти караган соттук коллегия кеңешүүдө. (NT/SDz)

XS
SM
MD
LG