Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:39

Нарымбаев менен Коркмазов күнөөлүү деп табылды


Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев менен экс-депутат Хажимурат Коркмазов сотто.
Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев менен экс-депутат Хажимурат Коркмазов сотто.

Бишкек шаардык соту президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев менен экс-депутат Хажимурат Коркмазовду күнөөлүү деп тапты. Муну менен Биринчи май райондук сотунун мурдагы чечими өзгөрүүсүз калды.

Президенттик аппараттын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаев Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеев камакта жаткан кезде анын кызынан 200 миң доллар пара талап кылган, ал эми Хажимурат Коркмазов бул иште ортомчулук кылган деп айыпталууда. Алар былтыр жыйында кармалган.

Биринчи Май райондук соту аларга тагылган коррупция, кызмат абалынан пайдалануу деген айыптарды кыскартып, көз боёмочулук деген күнөө менен Нарымбаевди 3, ал эми Коркмазовду 1,5 жылга эркинен ажыраткан эле.

Нарымбаев менен Коркмазовдун адвокаттары аларды актоону өтүнүп, Бишкек шаардык сотуна кайрылган. (NT)

XS
SM
MD
LG