Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:06

ТИМ казак министринин сөзү боюнча нааразылык нотасын жолдоду


Казакстандын маданият жана спорт министри Арыстанбек Мухамедулы
Казакстандын маданият жана спорт министри Арыстанбек Мухамедулы

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Казакстандын маданият жана спорт министри Арыстанбек Мухамедулынын сөздөрү боюнча нааразылык нотасын жиберди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, бүгүн Тышкы иштер министрлигине Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинин кеңешчиси Ербол Ахметов чакырылып, нота тапшырылды.

“Арыстанбек Мухамедулынын Кыргыз Республикасына карата кадыр-баркка шек келтирген жана салмакталбаган сөздөрү эки өлкөнүн өнөктөштүк мамилесине ылайык келбейт” - деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле Тышкы иштер министрлиги акыркы учурда казак медиасында, анын ичинде мамлекеттик телеканаларда Кыргызстан тууралуу туура эмес маалыматтар чагылдырып жатканына көңүл бурган.

Казакстандын маданият жана спорт министри Арыстанбек Мухамедиулы 23-майда Астанада коомчулук менен жолугушуу өткөргөн. Анда Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына токтолуп, улуу жазуучу кыргыз элинин келечегин көрө билген деп, Кыргызстандын азыркы абалына токтолгон. Казак министри "Орусияда кыргыз кыздары ажаткана тазалап жүрөт, алар буга мекенинде жумуш жоктугунан барууда. Айтматов муну илгери эле эскерткен", - деп жазуучунун “Ак кеме” повестин мисал келтирген.

Казак министринин бул сөзү Кыргызстанда жана Казакстанда бир катар жарандардын нааразылыгын жаратып, ар түрдүү талкууларга жол ачты.(BkA)

XS
SM
MD
LG