Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:00

Паспорт жаңжалы парламентте каралат


Кыргызстандын маанилүү мамлекеттик документтери
Кыргызстандын маанилүү мамлекеттик документтери

Бүгүн Жогорку Кеңеш жалпы жыйынында жасалма паспорт боюнча маселени талкуулайт. Мындай чечимди шейшембиде эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук комитети кабыл алган.

Аталган комитеттин төрагасы, депутат Алмазбек Батырбековдун "Азаттыкка" билдиришинче, шейшембидеги комитет жыйынында УКМК, Ички иштер, Тышкы иштер министрликтери, Чек ара, Мамлекеттик каттоо кызматтарынын өкүлдөрү жасалма паспортко байланышкан иликтөөнүн жүрүшү тууралуу маалымат беришти. Жыйынтыгында депутаттар маселени жалпы жыйынга алып чыкмай болушту.

17-майда Стамбулдагы "Ататүрк" аэропортунан Сауд Арабиянын Жидда шаарына жөнөп жаткан учурда кыргызстандык паспорт менен 98 кытайлык уйгур кармалган. Жасалма паспорт жасаган деген шек менен Кыргызстандын төрт жараны колго түшкөн. (BkA)

XS
SM
MD
LG