Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:34

Кыргызстанда эмгектенген чет өлкөлүктөрдүн 85 пайызы кытайлыктар


Кыргызстанда иштеген кытайлыктар

Кыргызстанда иштеген кытайлыктар

Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Бакыт Адылов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, учурда сырттан келген эммигранттарды иретке салуу жана чектөөлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоор иштелип чыгууда. Анын негизинде бир мекемеде жөнөкөй жумушчулар 10 пайыздан, ал эми жетекчилик жана өзгөчө кызматтагылар 20 пайыздан ашык чет өлкөлүктөрдөн болбошу керек.

“Мурун мындай талаптар болгон эмес. Ошондуктан, өлкөгө мыйзамсыз кирген эмигранттар болуп келген. Эми өлкөбүздөгү ички эмгек рынокторун коргоо жана жарандарды жумуш менен камсыз кылуу максатында жаңы мыйзам долбоор сунушталууда”,- деди Бакыт Адылов.

Адылов кошумчалагандай, учурда бул мыйзам долбоор коомдук талкууга коюлду.

Буга чейин тыштан келген жумушчуларга уруксат кагаздарды берүүдө коррупциялык көрүнүштөр орун алат деп көптөгөн сындар айтылып келген.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG