Линктер

жума, 28-апрель, 2017 Бишкек убактысы 14:21

“Айыл-Агро-2016” эл аралык көргөзмөсү бүгүн Бишкектеги эски аянтта ачылды. Үч күндүк иш-чарада быйыл 20 өлкөдөн 32 ишкана-заводдордун өкүлдөрү келген. Айыл чарба жана мелиорация министрлиги билдиргендей, дүйнөгө белгилүү "Класс", "Лемкен", "Жон Дир", "Гримме", "Амазоне", “Россельмаш”, МТЗ, “Гомсельмаш”, "Клевер" жана башка бренддердин шаймандары, минералдык жер семирткичтер, биотехнология, өсүмдүктөрдү химиялык жана биологиялык жактан коргоочу заттар, ветеринардык дарылар жана мал чарбасына керектүү каражаттар, ошондой эле айыл чарбасындагы жаңы технологиялардын үлгүлөрү көрсөтүлөт. Көргөзмөнүн жалпы аянты 7000 чарчы метрди түзөт.

“Айыл-Агро-2016” көргөзмөсү быйыл төртүнчү ирет уюштурулууда. (NT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG