Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:05

"Кыргызфильм" киностудиясынын редактору, жазуучу, кино сынчы, сценарист Талип Ибраимов бүгүн түнү 76 жашында дүйнөдөн өттү. Ал 1940-жылы Чүй облусунун Жайыл районундагы Сары-Булак айылында туулган. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктап, кийинчерээк Москвада белгилүү сценарист жана режиссерлордон таалим алган. Өмүр жолунда 30 жылдан ашык убакыт "Кыргызфильм" киностудиясында эмгектенип, акыркы он жылдан бери кинематографисттер үчүн ачылган курстарда устаттык менен алектенип жүргөн. Талип Ибраимов Кыргызстан киноакадемиясынын академиги, маданиятка эмгек сиңирген ишмер. Анын жазган прозалары 2006-жылы Орусияда өткөн эл аралык адабият сынагында жеңүүчү болгон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG