Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:31

АКШда эки кыргыз жараны жол кырсыгына кабылды


АКШдагы кыргыздар
АКШдагы кыргыздар

Кырсык 24-майда таңга маал саат 5тер чамасында Нью-Йорктун Бруклин районунда болгон. Жумуштан келаткан 25 жаштагы кыргызстандык жигит автоунааны башкара албай калып, жол чыракты сүзгөн. Натыйжада айдоочу жана анын жанындагы кыргызстандык кыз жабыр тартты. Жигиттин абалы оор экенин, азыр ооруканада өзүнө келе электигин аны менен батирде чогуу жашаган досу Бакыт Татибеков “Азаттыкка” билдирди. Ал эми кыздын бут үч жеринен сынып, бүгүн операция жасалды. Жол кырсыгы тууралуу brooklyn.news12.com каналы да кабар тараткан. (NT/UEz)

XS
SM
MD
LG