Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:30

Кыргызстан Бангладешке пахта экспорттой баштады


Пахта жүктөп жаткан адамдар, Тажикстанда тартылган сүрөт

Пахта жүктөп жаткан адамдар, Тажикстанда тартылган сүрөт

Бүгүн Бангладештин Читтагонг портуна Кыргызстандан пахтанын алгачкы партиясы барды. Бул тууралуу Бангладештин Кыргызстандагы консулдугунан билдиришти. Эми тараптар биргелешкен пахта ийрүүчү фабрика куруу жана Кыргызстандан жүндөн ийрилген жип ташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Бангладеш дүйнөдөгү эң ири пахта сатып алуучу мамлекеттердин бири. Бул багытта Кытайдан кийин эле экинчи орунда турат. Азыркы тапта Өзбекстандан пахта сатып алат. Бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстандан бул өлкөгө пахта экспорттолгон эмес. (NT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG