Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:43

Надежда Савченко орусиялык туткундарга айырбашталышы ыктымал


Надежда Савченко
Надежда Савченко

Азырынча тактала элек кабарларга караганда, Украина Надежда Савченкого айырбаштоо үчүн орусиялык эки туткундун айыбын кечти.

"Интерфакс" агенттиги айрым булактарга таянып, алар украин президенти Петро Порошенконун учагы менен Ростов-на-Дону шаарына бет алышканын, айырбаштоо аэропортто болоорун жазат.

Аскерий учкуч Савченко Украинанын чыгышында орусиялык эки журналистти өлтүрүүгө катышкан деп айыпталып, мартта 22 жылга кесилген. Савченко ал окуяга тиешеси жоктугун айтып, уурдалып, Орусиянын аймагына мыйзамсыз алынып келгенин ырастоодо.

Ал эми орусиялык эки жаран Александр Александров жана Евгений Ерофеев Донбасста Москва колдогон жикчилердин катарында согушкандыгы үчүн ар бири 14 жылга эркинен ажыратылган.

XS
SM
MD
LG