Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:59

№50 абактан качкандардын соту 27-майда уланат


Бишкектеги абак
Бишкектеги абак

Бишкектин Свердлов райондук соту бүгүн №50 абактан качкандар боюнча териштирүүнү 27-майда улантуу чечимин кабыл алды. Бүгүнкү жараянда абакта отургандар көрсөтмө беришти.

Күбөлөрдүн бири окуя болгон түнү коридордон кыйкырык добуш укканын, күзөтчүнү чакырганда, ал кызматкерлер өз ара тамашалашып, күрөшүп жатканын айтып бергенин билдирди. Андан кийин ок атуулардын үнү угулуп, спецназ келгенин кошумчалады. Башка күбөлөр абактан качкандардын максаты тууралуу билишпегенин, камераларда музыка угуп, телевизор көрүп отурушканын, андыктан эшиктердин ачылганын байкабай калганын айтышты.

Буга чейинки сот жараяны учурунда абактан качкандардын унаасын токтоткон Жол кайгуул кызматынын өкүлдөрү жана түрмө кызматкерлери көрсөтмө беришкен. Былтыр 12-октябрда Чүй облусунун Төмөнкү Нооруз айылында жайгашкан №50 түрмөдөн тогуз киши үч түрмө кызматкерин өлтүрүп, бирөөнү оор жарадар кылып, качып чыккан. Алардын бешөө дароо кармалып, качып кеткендердин үчөө кармоо операциясы учурунда өлтүрүлгөн. Эдил Абдрахманов бутуна ок тийип, тирүү кармалган.

Бул иш боюнча Эдил Абдрахманов, Музаффар Уринов, Болот Курбанахуновго абактан качуу, адам өлтүрүү фактысы боюнча айып тагылган. Булар менен кошо абактан качкандарды жашырган деген күнөө менен Алтынбек Итибаевди ташып жүргөн Максат Абдрахманов жана ал жашап турган үйдүн ээси Нурсият Рысбекова да соттолуп жатышат. (NT)

XS
SM
MD
LG