Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:17

Казакстан Журналисттер бирикмесинин төрагасынын айыбы жумшартылды


Сейитказы Матаев
Сейитказы Матаев

Казакстан Журналисттер бирикмесинин төрагасы Сейтказы Матаевге тагылып жаткан айыптар жумшартылды. Буга чейин ал ири көлөмдөгү бюджет каражаттарын уурдаган деп шектелип келсе, эми айыбы кызмат абалынан кыянат пайдаланган деген беренеге өзгөртүлдү. Бул тууралуу бүгүн медиа эркиндикти коргоочу «Адил сөз» уюму маалымдады. Матаев мамлекеттик каражатты кымырып алган жана салык төлөөдөн качкан деген шек менен 22-февралда кармалып, 24-февралдан бери үй камагына алынган. Өзү болсо дооматтарды четке кагууда. Бир катар укук коргоочу уюмдар Матаевди бошотууну талап кылып, ишин журналисттик ишмердигине байланыштырууда.

XS
SM
MD
LG