Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:01

Жалал-Абад: Батыровдун имараты облустук сотко берилди


Жалал-Абад шаарындагы Батыровдун сотко өткөрүлгөн имараты
Жалал-Абад шаарындагы Батыровдун сотко өткөрүлгөн имараты

Шаардагы Кадыржан Батыровго тиешелүү университеттин имаратынын бир бөлүгүндө облустук сот иш алып барат. Бүгүн жаңыдан оңдолуп ишке берилген имараттын ачылышы болуп, ага Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токтобаева катышты. Буга чейин шаардык жана облустук соттор бир имаратта жайгашып келген. Үч кабаттан турган имаратта судьялар үчүн атайын 13 бөлмө, үч сот залы жана бир жыйындар залы орун алган. Июнь окуясында талкаланган имаратты оңдоого 6.9 миллион сом жумшалган. Облус аймагында Токтогул, Тогуз-Торо жана Чаткал райондоруна жаңы имарат куруу пландалууда.

Кадыржан Батыровдун университетин 2011-жылы сот мамлекетке конфискациялап, мамлекеттин карамагына өткөргөн. Эми бул имараттын бир бөлүгүнө облустук ички иштер бөлүмү жайгаштырылат. (RsK)

XS
SM
MD
LG