Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:01

ММК: Надежда Савченко Киевге учуп келатат


Надежда Савченко
Надежда Савченко

Маалыматтарга караганда, Орусияда соттолгон украиналык учкуч Надежда Савченко Киевге келатат. Орусиянын RT мамлекеттик телеканалы атын атабаган булактарга таянып, Савченкого айырбашталган орусиялык эки киши кое берилип, Москвага бет алганын кабарлады.

Савченко Украинанын чыгышында орусиялык эки журналистти өлтүрүүгө катышкан деп айыпталып, март айында 22 жылга кесилген. Савченко ал окуяга тиешеси жоктугун, уурдалып, Орусиянын аймагына мыйзамсыз алынып келгенин ырастоодо.

Ал эми орусиялыктар Александр Александров жана Евгений Ерофеев Донбасста Москва колдогон жикчилердин катарында согушкандыгы үчүн ар бири 14 жылга экринен ажыратылган.

XS
SM
MD
LG