Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:01

Жасалма паспорт жасагандарга катаал жаза киргизүү сунушталууда


Иллюстративдик сүрөт.

Иллюстративдик сүрөт.

Парламенттин бүгүнкү жалпы жыйынында Стамбулдан кармалган жасалма кыргыз паспортторуна байланышкан маселе каралууда. Мамлекеттик каттоо, Чек ара кызматтарынын, УКМК, Ички иштер, Тышкы иштер министрликтеринин өкүлдөрү маалымат берүүдө.

Башкы прокурордун орун басары Кылычбек Токтогулов азыркы кезде жасалма паспорт менен кармалгандар жеңил жазага тартылып жатканын билдирди. Ошондой эле ал паспорт маанилүү документ болгондуктан, жасалма паспорт жасагандарды катуу жазага тартып, 5 жылдан 8 жылга чейин жаза мөөнөтүн чектөө боюнча тиешелүү мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштады. Анын айтымында, Стамбулдагы паспортторду жасоого “Ай Йылдыз” жоопкерчилиги чектелген коомунун катышы бардыгы болжолдонуп жатат. Азыр бул боюнча иликтөө уланууда.

17-майда Стамбулдагы "Ататүрк" аэропортунан Сауд Арабиянын Жидда шаарына жөнөп жаткан учурда кыргызстандык паспорт менен 98 кытайлык уйгур кармалган. Жасалма паспорт жасаган деген шек менен Кыргызстандын төрт жараны да колго түшкөн. ИИМ бул окуя боюнча кылмыш ишин козгогон. (NT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG