Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:55

Орусияда жол кырсыгынан кыргызстандык жаран каза тапты


Орусияда жол кырсыгына кабылган кыргызстандык жарандын автоунаасы. 24-май, 2016-жыл. Омск.
Орусияда жол кырсыгына кабылган кыргызстандык жарандын автоунаасы. 24-май, 2016-жыл. Омск.

Омск облусунда Челябинск – Новосибирск каттамынын 803-чакырымында 24-майда болгон кырсыктан кыргызстандык жаран набыт кетти. Орусиялык маалымат агенттиктери жазып чыккандай, кыргызстандык атуул башкарган жети орундуу автоунаа бет маңдай келаткан оор жүк ташуучу машине менен кагылышкан. Анын кесепетинен жеңил автоунаанын 39 жаштагы айдоочусу каза таап, фуранын айдоочусу, орусиялык жаран ооруканага түштү. Кыргызстандык адамдын аты-жөнү такталууда. Кырсыктын чоо-жайы иликтене баштаганы кабарланды. (NT)

XS
SM
MD
LG