Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:42

Савченко Киевге келди


Украинанын президенти Петро Порошенко Надежда Савченкону ташыган учак Киев аэропортуна конгонун бир аз мурдараак билдирди. Бүгүн украиналык аскерий учкуч, Орусиянын түрмөсүндө дээрлик эки жыл жаткан 34 жаштагы Савченко орусиялык эки туткунга айырбашталганы маалымдалган.

Кремль орусиялыктар Москва аэропортуна келгенин бышыктады.

Савченко Украинанын чыгышында орусиялык эки журналисти өлтүрүүгө катышкан деп айыпталып, мартта 22 жылга кесилген. Савченко ал окуяга тиешеси жоктугун айтып, уурдалып, Орусиянын аймагына мыйзамсыз алынып келгенин ырастоодо.

Ал эми орусиялыктар Александр Александров жана Евгений Ерофеев Донбасста Москва колдогон жикчилердин катарында согушкандыгы үчүн ар бири 14 жылга эркинен ажыратылган.

XS
SM
MD
LG