Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:19

Эрдоган Брюсселге шарт койду


Режеп Тайип Эрдоган
Режеп Тайип Эрдоган

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган түрк жарандарына Европа Биримдигине кирүүгө виза жеңилдетилбесе, анда Анкара биримдик менен миграциялык кризисти чечүү келишимин кабыл албайт деп билдирди:

- Бул боюнча сүйлөшүүлөрдү биздин тышкы иштер жана Европа Биримдиги боюнча министрлерибиз жүргүзүүдө. Эгерде келишимге жетишилбесе, анда таарыныч жок, келишим үчүн зарыл болгон мыйзамдар парламенттен өтпөйт.

Түрк президенти Брюсселдин Түркиядагы качкындар үчүн убада кылган каражаты келип түшө электигин белгиледи. Европа Биримдиги менен Түркия ортосунда март айында жетишилген келишимге ылайык, Түркия Европага мыйзамсыз барган мигранттарды кайра алат, Биримдик анын ордуна түрк жарандарына визалык жеңилдик киргизип, качкындарга финансылык жардам берет жана сириялык качкындарды мыйзамдуу жол менен кабыл алат.

Брюссель болсо Анкарадан антитеррордук мыйзамдарын жумшартууну талап кылган. Бирок түрк жетекчилиги ага кескин каршы чыгууда.

XS
SM
MD
LG