Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:00

Орусияда Зика вирусуна кабылган төртүнчү киши катталды


Орусия Зика вирусунун 4-учуру катталганын билдирди. Роспотребнадзор агенттигинин төрайымы Анна Попованын айтымында, жакында Доминикан жумуриятынан кайтып келген орусиялык киши бул илдетке кабылган. Чиркейлерден жуккан вирус адегенде 2015-жылы Бразилияда катталып, кийин башка ондогон өлкөлөргө тараган. Дарыгерлер оору өзгөчө кош бойлуу аялдар үчүн коркунучтуу деп, ымыркайларды микроцефалия дартына алып келишим мүмкүн деп эскертишүүдө. 1-февралда Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Зика вирусун глобалдык коркунуч деп атаган.

XS
SM
MD
LG