Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:02

Ху Чжэнхуа агайдын куттуу мааракеси Ала-Тоодо белгиленүүдө


Профессор Ху Чжэнхуа жубайы Фатима апа менен. 22.10.2015.
Профессор Ху Чжэнхуа жубайы Фатима апа менен. 22.10.2015.

Кытайлык чыгаан илимпоз, кыргыз таануучу, манас таануучу жана дунган таануучу Мухаммед Ху Чжэнхуанын 85 жылдыгына арналган эл аралык илимий жыйын бугунун (майдын) 26сында Бишкекте өтүүдө. Тарыхчы Т.Чоротегин маараке ээси тууралуу сөз кылат.

Кытайлык заманбап түрколог, кыргыз таануучу, манас таануучу, профессор, “Манас” орденинин ээси, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын ардактуу академиги Мухаммед Ху Чжэнхуа (ханзуча: 胡振华; англисче: Muhammed Hu Zhenhua) мырза Ала-Тоодо данакер инсан катары өзгөчө урмат-сыйга арзып келет. Ал эми кытайлык кыргыздар аны «Ху Лаоши» («Устатыбыз Ху») деп өзгөчө урматтап аташат.

Үстүбүздөгү 2016-жылы (мечин жылы) үчтүн айынын (январдын) 9унда профессор Мухаммед Ху Чжэнхуа 85 жашка чыкты. Мааракенин ирегесинде кытайлык кыргыз илимпоздор анын үйүнө барып куттукташты. Бишкекте болсо ошол айдын 12синде Ху Чжэнхуанын илимий салымдары таразаланган атайын тегерек үстөл жыйын өткөрүлдү.

Эми бугу (май) айынын 26сында Бишкек шаарында Мухаммед Ху Чжэнхуа агайдын 85 жылдыгына арналган илимий жыйын расмий түрдө өткөрүлүп жатат. Кыргызстандын Президентине караштуу Тарых илимин өнүктүрүү боюнча комиссия бул илимий шеринени өткөрүүнү быйылкы илимий жыйындардын расмий тизмесине киргизген.

Мааракелердин көбүнөн “башы айланган” айрым түркөй замандаштарыбыз “окумуштуулар эми дагы бир катардагымааракелик жыйынга чогулушабы?” дегендей мамиле кылышы ажеп эмес. Бул маараке ээси – катардагы эле карыя эмес, бүткүл өмүрүн илимге, анын ичинде кыргыз таанууга арнап келе жаткан илимпоз жана коомдук ишмер.

Соңку бир нече жылдан бери мен Кытайдагы кыргыздар байырлаган бир далай аймактарды кыдырдым. Эң мыкты унаа менен Ак-Тоого (Кытайдын Памирине), Хотанга (Тибетке, Индияга, Пакистанга карай кетчү тоо жолун мекендеген кыргыздарга), Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусуна жана Чыгыш Теңир-Тоодогу башка айрым аймактарга бардым. Кээде учакка да түштүк.

Муну айтып жатканым – тээ 1950-60-жылдары Ху Чжэнхуа аталган жерлерден да көбүрөөк аймакты атчан же төө минип кезип, кыргыз айылдарын түрө кыдырып, кыргыз тилин, фолклорун, дастандарын, маданиятын жылуу кабинетте отуруп алып изилдебестен, элет жеринен иликтеген. Суукка тоңгон, аптапка бышкан.

Профессорлор Хай Шуин менен Римма Насырова белгилегендей, Ху Чжэнхуа “тоо-талаалар - менин университетим, малчылар – менин мугалимдерим” деп азил кылып айткандай эле кеп болгон. Ал кыргыздар баскан тар жол, тайгак кечүүлөрдөн далай жолу чогуу өтүп келген.

Манчжурия кыргыздары

Ал гана түгүл Ху Чжэнхуа агай тарыхый Манчжуриядагы Хэйлуңжаң вилайетиндеги фу-йү кыргыздарын иликтеп, алардын кабарын советтик түрколог, теги татар түрколог Эдгам Тенишевге айткан. Ал болсо, өз кезегинде, европалык илим чөйрөсүнө фу-йү кыргыздары тууралуу маалымдаган.

(Кошумча маалымат иретинде айта кетсек, Манчжуриянын Фу-йү жергесиндеги кыргыздар тууралуу алгачкы илимий маалыматты таркаткан жапон илимпозу Масато Сухара (кытайча ысымы Цзүйүан Чжэнжэн, Qiu Yuan Zhengren) Түндүк Кытайдагы тарыхый Манчжурия аймагы Жапониянын карамагына убактылуу өткөн экинчи дүйнөлүк согуш маалында, 1944-жылы бул аймакты кезип, дээрлик бир жылдан соң “Кыргыздарга саякат” аттуу макала жарыялаган. Бул аймакты 1945-жылы жапон баскынчыларынан бошотууга салым кошкон советтик аскерлердин арасындагы кыргыз офицерлер дагы Манчжурияда өздөрүн кыргыз атаган жана тили тектеш боордошторду кезиктиргенин аскер жетекчилерине билдиришкен. Андан соң 1952-жылы кытайлык изилдөөчү Йу Йифу (Yu Yifu) “Ненцзян шалбааларындагы кыргыздар” деген макала жарыялап, фу-йү кыргыздарынын турмушун чагылдырган).

Ошентип, фу-йү кыргыздары тууралуу Ху Чжэнхуа 1957-жылдан баштап чогулткан маалыматты орусиялык татар түркологу Эдхам Тенишев 1961-жылы жарыяланган илимий макаласында кеңири колдонгон (Тенишев Э. Р. О языке кыргызов уезда Фуюй // Вопросы языкознания. 1961. - № 1. - С. 88-95.).

Профессор Ху Чжэнхуа кийинчерээк да Кыргызстандан, Орусиядан жана башка өлкөлөрдөн келген ондогон кыргыз таануучулаарды Фу-йү үйөзүн кездиртип, бул аймактагы кыргыздарды заманбап изилдөөнү улантууга уюштуруучу катары да көмөк көрсөтүп келди.

Маселен, профессор Астайбек (Виктор Яковлевич) Бутанаев бул аймакты кезип, фу-йү кыргыздары XVIII кылымдын башында Жуңгариядан Манчжурияга цин-манчжур аскерлери тарабынан көчүрүлгөн кыргыздардын урпактары экенин жана бул кыргыздар азыркы хакастарга тили жана уруулук курамы жагынан өзгөчө жакын экенин далилдеген макаласын жарыялады. Профессор Астай Бутанаев өзүнүн бул саякаты үчүн Ху Лаошиге өзгөчө ыраазы экендигин биз менен быйылкы жолугушуусунда дагы бир ирет тастыктады.

Айтмакчы, Ху Чжэнхуа азыркы “хакас” этноними жасалма ойлоп табылганын, мурда бул эл кыргыздардын Энесайда калган бөлүгү эле болгонун белгилеп келет.

Манас таануу

Ху Чжэнхуа кытайлык кыргыздардын залкар манасчысы Жусуп Мамайга (1918 – 2014) алгач 1950-жылдары эле жолуккан.

Ху Чжэнхуанын «Кыргыздардын баатырдык эпосу "Манас"» («Элдик адабият», 1962-жыл, 5-сан) аттуу илимий макаласы жарык көргөн чакта кытайлык кыргыздардын арасында ханзу тилин мыкты билип, бүткүл кытайлык деңгээлде илимий эмгек жаратып калган илимпоздор жокко эсе болчу. Демек, Мухаммед Ху Чжэнхуаны “Манас” дастанын ханзу илимий адабиятында жайылткан алгачкы заманбап кытайлык окумуштуулардын бири деп санай алабыз.

КЭРдеги каргашалуу “маданий ыңкылап” (1966-1976)ойрон болгон соң, Ху Чжэнхуа манасчы Жусуп Мамайды Бээжинге алып келип, анын дастандык вариантын кайра жаздыруу ишин баштаткан. Жусуп Мамайды Кытайдын көп этностуу элине гана эмес, жалпы дүйнөгө таанытууга да зор салым кошкон. Өзү да Жусуп Мамай менен өтө жакындашып, акыры анын ини досу болуп калган.

Бул тууралуу Мухаммед Ху Чжэнхуа агай өзү мындайча белгилейт: “Мен “маданий ыңкылаптан” кийин КЭРдин өкмөтүнө “Манас” эпосун сактап калуу өтүнүчү менен кайрылдым. Андан соң мен Шинжаңга сапарга чыктым да, Жусуп Мамайды Бээжинге алып келдим. Биз Бээжинде жылы бою күндөп-түндөп иштеп, Аз сандуу улуттардын Борбордук университетинде “Манас” дастанын сактап калуу иши менен алектендик. Жусуп Мамай адамзаттын бай маданий казынасына зор салым кошту”.

Бул жерден биз Ху Лаошинин өзүнүн да “Манас” эпосун Кытайда сактоодо жана манасчылык өнөрүн өнүктүрүүдө зор салымы бар экендигин кошумчалай кеткибиз келет.

Профессор Ху Чжэнхуа кыргыз элинин “Манас” дастанын өзүнүн жана үзөңгүлөштөрүнүн эмгектери аркылуу Кытайда гана эмес, Жапония, Германия, Франция сыяктуу өлкөлөрдө да даңазалаган.

Кыргыздын көөнө тарыхы

Кийинчерээк профессор Ху Чжэнхуа кыргыз тили, кыргыз фолклору тууралуу гана изилдеп, окуу китептер, макалалар, илимий китептер жазып чектелбестен, байыркы доордогу кыргыздардын тарыхы тууралуу кытайлык булактарга (анын ичинде кытайлык тарыхчы Сыма Цяндын айтылуу “Ши цзи” – “Тарыхтар жыйындысы” эмгегине) да кайрылган.

2002-жылы Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдык мааракеси шарттуу белгиленгенде, Ху Чжэнхуа бул датаны илимий тастыктаган чет өлкөлүк окумуштуулардын алдыңкы сабында болду.

Эсимде, ошол 2002-жылы Бишкекке келгенинде профессор Ху Чжэнхуа кыргыз тарыхчылары менен жолугуп, “сиздер байыркы Хун дөөлөтүнүн элин “хунну” дебестен, “хун” деп гана атагыла, анткени “-ну” деген бөлүк тек гана кемсинтүү үчүн кошулган иероглифтик окулуш”, - деп улам-улам кайталаган.

Профессор Мухаммед Ху Чжэнхуа кытайлык кыргыздардын Адыл Жуматурду, Мамбеттурду Мамбетакун, Токтобүбү Ысак кызы, Ысакбек Бейшенбек сыяктуу заманбап илимпоздоруна устаттык кеп-кеңештерин ырааттуу берип келет. Азыркы тапта да ал, ардагер болгондугуна карабастан, Бээжиндеги Борбордук Улуттар университетинде кыргыз тили жаатында дарстар окуп, аспирант, докторанттарга баалуу кеңештерин берип жүрөт.

Түркология

Ху Лаоши Бээжиндеги Борбордук Улуттар Университетинде кыргыз, казак, өзбек, түркмөн, уйгур тилдерин окутуу зарылдыгын өзгөчө белгилеп, акыры университетте бул тилдерди үйрөтүүчү топтор ачылган.

Профессор Ху Чжэнхуа түркмөндөрдүн Батыш Кытайга чейин жеткен бутагы – салар этносу тууралуу да эмгектер жазган. Бул үчүн азыркы Түркмөнстанда аны өзгөчө кадырлап келишет. Түркмөн тануу жаатындагы салымдары үчүн профессор Ху Чжэнхуага 2016-жылдын жалган куран (март) айынын 9унда Бээжиндеги чакан этностордун жогорку окуу жайы болгон Борбордук Улуттар университетинде Түркмөнстан тышкы иштер министрлигинин атынан ардак кагаз тапшырылды. Бул аземде сүйлөгөн Түркмөнстандын КЭРдеги элчиси Чынар Рустамова айым “профессор Ху Чжэнхуа Түркмөнстан менен Кытайдын достугунун залкар элчиси” болуп калганын баса белгиледи.

Профессор Ху Чжэнхуанын жалпы түркология тармагындагы илимий салымдары анын Кытайга келген чет элдик (жапониялык, америкалык, германиялык, казакстандык, кыргызстандык, орусиялык, ж.б.) түркологдорго ырааттуу көрсөткөн көмөктөрү менен тыгыз каралып бааланышы керек деп эсептейбиз.

Дунган таануу

Заманбап дунган таануу илими жаатында да Ху Чжэнхуанын эмгектери көөнөргүс деп бааланаарын, азыр да илимий жогорку середе турган энциклопедиялык мазмундагы чыгармалар экендигин айтуу абзел. 1993-жылы анын калеминен жаралган «Кытайлык хүй улуту» деген илимий китеп жарык көрүп, илимий чөйрөдө жогору бааланган.

Мен үчүн анын дунган таануудагы жаңылыгы – азыркы дунган (“хүй”) улутунун этностук калыптанышында жалаң гана кытайлар (ханзулар) менен Батыштан келген араптар жана перстер жуурулушуп тим болбостон, Ички жана Борбордук Азияда алмустактан эле Чыгыш менен Батышка буфердик (“өткөөл аймактык”) жергиликтүү калк – түрк тилдүү этностор да олуттуу рол ойногондугу жөнүндөгү олуттуу тыянагы болду.

Чынында да, “Манас” дастанынын варианттарында кытайларга (кидандарга), шибээ (сибо), манжуларга жана ханзуларга жуурулушуп кеткен кыргыздардын бир бөлүгүн “Көзкамандын тукуму” деп коюшат. Дунгандардын калыптанышында салымы бар калктардын арасында кыргыздардан бөлүнүп, кытайлашып кеткен нечендеген орто кылымдык кыргыз топтору да болушу ажеп эмес.

Ошол элеучурда, дили кыргыз болуп калган далай дунгандарды учуратабыз. Кыргыз поэзиясындагы сонет жанрынын мыкты устаты Смар Шимеев да теги дунган болгон. СССРдин эл өнөрпозу, опера ырчысы Хусейин Мухтаров, Кыргызстандын эл өнөрпозу Эсен (Есен) Исмаилов сыяктуу кыргызстандык дунгандар өлкөбүздүн музыка өнөрүнө зор салым кошкон. Андан тышкары Эсен Исмаилов спорт тармагында да (күрөштүн чыгыш түрлөрүнүн бири боюнча) өз чыйырын калыптандырган. Чыгаан спортчу жана машыктыруучу Александр Воинов жөнүндө кимдер гана билбейт!

Демек, кыргыздарга боор тартуу жагынан Ху Чжэнхуа жалгыз эмес. Бирок бир миллиард 300 миллиондуу калкы бар Кытайда 200 миңден ашуун сандагы кыргыздардын туусун чогуу көтөрүшкөн бул залкар илимпоздун эч теңдеши жок десек эч жаңылбаспыз.

Профессор Ху Чжэнхуа - эгемен Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын достук карым-катнаштарын тереңдетүүгө салым кошуп жаткан данакер коомдук ишмер.

Анын кыргыз таануудагы, түркологиядагы жана дунган таануудагы залкар илимий салымдары тууралуу бүгүн Бишкекте өтө турган айдыңдар шеринесинде кеңири сөз болоорунда шек жок. Бул жыйындын баяндамалары жана башка макалалар жакынкы болочокто жыйнак болуп чыкмакчы.

Буюрса, Кыргызстанда Мухаммед Ху Чжэнхуанын илимий ишмердиги тууралуу нечендеген диссертациялар жазылат деп ойлойбуз.

Маараке ээси Мухаммед Ху Чжэнхуага (ардактуу Ху Лаошиге) жана анын өмүрлүк жубайы Фатима Му Шухүйгө чың ден соолук, узак өмүр, бакыбаттык каалайбыз.

XS
SM
MD
LG