Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:08

АКШ украиналык учкуч Надежда Савченконун бошотулуп, Орусиядан мекенине кайтып келишин колдоду. Бул тууралуу мамлекеттик департаменттин билдирүүсүндө айтылат. Мамлекеттик катчы Жон Керри Савченконун эркиндикке чыгып, Украинадагы орусиялык туткундарга алмаштырылышы менен Орусия Минск келишиминин алкагындагы милдеттерин аткарат деген ишенимин билдирди.

Москваны аталган келишим боюнча башка милдеттенмелерин да аткарууга чакырып, Украинанын Донецк менен Луганск облустарындагы көзөмөлүн калыбына келтирүү зарылдыгын белгиледи.

Савченконун бошотулушун Батыштын башка өкүлдөрү да колдошту. Евробиримдиктин тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Федерика Могерини муну “көптөн күткөн жакшы кабар” деп атады. Германия тышкы иштер минимтри Франк-Вальтер Штайнмайер Савченко бошотулгандан кийин “жеңилдей түшкөнүн” айтты.

25-майда украиналык аскерий учкуч, Орусиянын түрмөсүндө дээрлик эки жыл жаткан 34 жаштагы Савченко орусиялык эки туткунга айырбашталды. Савченко Украинанын чыгышында орусиялык эки журналисти өлтүрүүгө катышкан деп айыпталып, мартта 22 жылга кесилген. Бирок өзү ал окуяга тиешеси жоктугун айтып, уурдалып, Орусиянын аймагына мыйзамсыз алынып келгенин ырастоодо.

Ал эми ага алмаштырылган орусиялык Александр Александров жана Евгений Ерофеев Донбасста Москва колдогон жикчилердин катарында согушкандыгы үчүн ар бири 14 жылга эркинен ажыратылган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG