Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:20

Белгияда төрт адам террорчулукка шектелип кармалды


Полиция жарыялаган сүрөт.

Полиция жарыялаган сүрөт.

Белгиянын полициясы билдиргендей, Антверпен шаарында кармалган адамдар Сирия менен Иракка адам тартуу менен алектенип жүргөн деп шектелүүдө. Аларды тинтүү учурунда Белгиянын аймагында терракт жасоого даярдык көргөнү боюнча далилдер табылып, прокуратура террордук топторго катышкан деген айып такты.

Бул адамдардын Белгиянын борборунда мартта болгон жардырууларга катышы жоктугу айтылууда.

22-мартта Брюссел аэропортунун учуу залында эки жанкечти террорчу өзүн жардырып жиберген. Ага удаа калаадагы метродо жардыруу болуп, жалпысынан бул кош террактта 32 адамдын өмүрү кыйылган. Чабуул үчүн өзүн "Ислам мамлекети" деп атаган экстремисттик топ жоопкерчилик алган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG