Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:56

“Аю” холдинг: Абдыкеримовдун Лондондон кымбат баалуу үй алганы чын


Шаршенбек Абдыкеримов.
Шаршенбек Абдыкеримов.

Аталган фирманын вице-президенти Балбак Түлөбаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, Лондондогу мартабалуу турак-жай комплексинен батир беш-алты жыл мурун алынган. Анын акчасы дароо эмес, бөлүп-бөлүп төлөнгөн. Ал бул жерде эч кандай коррупция жоктугун, муну британиялык The Guardian гезити да жазганын айтып, чет өлкөлөрдөн турак-жай алуу ишкерлер үчүн бизнес менен инвестициянын бир түрү экенин белгиледи.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шаршенбек Абдыкеримов Лондондун чок ортосундагы кымбат баалуу үй-комплексинен батир сатып алганын британиялык The Guardian гезити 24-майда жазып чыккан. 50 кабаттуу турак-жайдагы батирлердин баасы 51 миллион фунт стерлингге бааланганын кабарлаган.

Шаршенбек Абдыкеримов Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинин президенти жана «Аю» фирмасынын ээси. Ал «Кыргызстан» партиясынын түптөөчүлөрдүн бири катары белгилүү. Өткөн чакырылыштарда «Республика» партиясынын катарында Жогорку Кеңешке депутат болгон. (NT)

XS
SM
MD
LG