Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:32

Балдар арасында жанын кыюуну алдын алуу боюнча өкмөттүк саат өтөт


Бүгүн өкмөт балдардын өз жанын өзү кыюуга барган учурларын болтурбоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу парламентте маалымат берет.

Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, быйыл жыл башынан бери суицидге барган балдардын саны 40тан ашып кетти.

Статистикалык маалыматтар өлкө боюнча өз жанын кыйган өспүрүмдөрдүн саны жылына орто эсеп менен 100-125ке чейин жетерин көрсөтүүдө. Былтыр Билим берүү жана илим министрлиги социалдык педагогдордун баяндамалары боюнча иликтөө жүргүзүп, Кыргызстандагы ар бир бешинчи бала өз жанын кыюуну көздөйт деген тыянак чыгарган.

Буга адистер ата-эне менен бала ортосунда диалогдун азайышын, өлкөнүн экономикалык абалын жана чоңдор тарабынан балага көзөмөлдүн катаалдыгы себеп деген ойлорун айтып келишет. (NT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG